www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террордук тобу өз таасирин Борбор Азияга жайылтууну көздөп турганын билдирди. Ал мындай сөзүн 15-октябрда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар кеңешинин онлайн жыйынында айтты.

Анын айтымында, Ооганстандын түндүгүндөгү КМШ менен чек аралаш аймактарда «Ислам мамлекети», «Өзбекстандын ислам кыймылы», «Жамаат Ансарулло», «Аль-Каида» сыяктуу экстремисттик жана террордук топтор чогулуп турат. «Биздин маалыматка ылайык, Ооганстандын түндүгүндөгү «Ислам мамлекети» тобунун жоочуларынын эле саны 2 миңге чамалайт. Алардын лидерлери этностук, диний чатактарды козутуу жана диний жек көрүүчүлүктү күчөтүү аркылуу өз таасирин Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Орусиянын аймактарына жайылтууга даярданып жатат. Террорчулар КМШ өлкөлөрүнүн аймактарына, анын ичинде качкын катары да кирүүнү көздөйт», - деди Путин.

Орус президенти мындай эскертүүсүн Ооганстанда бийликти ээлеп алган «Талибан» кыймылынын делегациясы кийинки аптада Москвага келээр алдында айтты. Бул сүйлөшүүлөргө Кытай, Пакистан, Индия жана Ирандын өкүлдөрү да катышаары кабарланган.

Эске салсак, бир нече күн мурда Путин Ирак жана Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук тобуна байланышы бар жоочулар Ооганстанга өтүп жатканын айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Талибан» кыймылын бул коркунучту жөнгө салууга чакырган. Талибдер «Ислам мамлекети» террордук тобун ооздуктай алаарын белгилеп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости