www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Ооганстандагы гуманитардык кризисти жөнгө салууга көмөктөшүүгө даярдыгын, бирок «Талибан» бийлигин расмий түрдө тааныбай турганын билдирди. Бул тууралуу түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу талибдер түзгөн ооган өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен 14-октябрда Анкарада жолуккандан кийин билдирди.

«Биз ушул күнгө чейин эл аралык коомчулукка «Талибан» бийлиги менен байланыш куруунун маанисин түшүндүрүп келдик. Азыр эл аралык коомчулук да ушул позицияда турат. «Талибандын» бийлигин таануу - башка, байланыш куруу - башка нерсе», - деди Чавушоглу.

Ал ооган экономикасы кыйрап калбашы керек экенин белгилеп, Кабулдун чет жактагы эсептерине чектөө койгон мамлекеттерди ийкемдүүрөөк болууга чакырды.

Муттаки жетектеген талибдер делегациясы Катардын баш калаасы Дохада АКШнын жана Евробиримдиктин дипломаттары менен сүйлөшүүү өткөргөндөн кийин Анкарага келген. Талибдердин тышкы иштер министри Ооганстандагы экономикалык кризис ооган качкындарынын жаңы толкунун жаратышы мүмкүндүгүн Түркиядагы жолугушуулар маалында эскертти.

15-августта Батыш тааныган ооган өкмөтү кулап, «Талибан» бийликке келгенден көп өтпөй Евробиримдик Ооганстанга жардам иретинде бериле турган каражаттарды убактылуу токтото турууну чечкен. Ошондой эле, Вашингтон Ооганстандын Борбордук банкынын АКШдагы эсептерине чектөө койгон. Эл аралык валюта корунун маалыматына ылайык, Ооганстандын чет өлкөлөрдөгү эсептериндеги алтын жана валюта резерви 9 миллиард доллардан ашат.

Батыш мамлекеттерин «Ооганстан кайрадан террорчулардын чордонуна айланбайбы» деген суроо тынчсыздандырат. Ошондой эле, алар өлкөнү шариаттын негизинде башкарууну көздөгөн талибдерден адам укуктарынын, өзгөчө кыз-келиндер эркиндигинин сакталышын талап кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости