www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путинге каршы активист, журналист Егор Жуков, Москвада кол салууга туш болуп, учурда абалы оор экени билинди.

Россиялык “Эхо Москвы” радио түйүнүнүн бүгүнкү берген маалыматына ылайык, ооруканага жеткирилген 22 жаштагы журналисттин бети кесилип, мээси катуу чайкалган. Белгисиз эки кишинин Жуковдун үйүнө жашыруун кирип, ага кол салганы белгилүү болду.

Жуковду колдоочу топ социалдык тармакта журналисттин кандай жаракат алгандыгын билдирген сүрөттөрдү жарыялашты. Ал көрсөтмөлөргө ылайык, жаш активист жерде жатканда дагы башын ургулашкан. Аталган радио түйүндүн башкы режиссеру Алексей Венедиков, Жуковдун кол салууга байланыштуу милицияга кайрылганын кошумчалады.

Оппозициялык билдирүүлөрү менен тынымсыз сөзгө калуучу Жуков, мурда Россиянын президенти болгусу келгенин айткан эле. Саясат айдыңында жөндөмдүү, сөзмөр журналист өткөн жылы болуп өткөн нааразычылык акцияларында студент катары катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости