www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленский кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Украина элинин жана жеке өзүмдүн атыман Сизди улуттук майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча кыргыз-украина мамилелеринин активдешүүсү Украинанын Борбордук Азия аймагындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан жана Украина ортосундагы конструктивдүү кызматташтыктын мындан ары да өнүгүшүн камсыздай аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Зеленский Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүндө күч-кубат жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости