www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөбай Зулпукаров:

“Биримдик” саясый партиясы менен шайлоого аттанып жаткан депутат Төрөбай Зулпукаров кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 29 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

31-август кыргызстандыктар, кыргыз мамлекети үчүн маанилүү күн болгон. Бул күнү элибиз көптөн күткөн өз мүдөөсүнө, максатына жеткен.

Кадыры бийик кыргыз эли бүгүн ата-бабалардын аманатын туу тутуп, биримдик, эрктүүлүк, кеменгерлик менен өз алдынча өлкө катары өнүгүү жана эгемендүүлүгүбүздү бекемдөө жолунда келе жатат.
Ошондой эле эгемен мамлекет катары дүйнө өлкөлөрү менен болгон ынтымагын бекемдеп, достук мамилесин чыңоодо.

Кымбаттуу кыргыз элим!

Эгемен мамлекеттин эркин жараны катары бакубат турмушта берекелүү өмүр сүрүңүздөр. Үй-бүлө мамлекеттин пайдубалы. Андыктан ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдү тынчтык, токчулук, ырыскы уяласын.

Сиздерди терең урматтоо менен Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости