www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор салмактуу саясатчы Туйгунаалы Абдраимов оппозицияга аттанганы эл ичинен колдоого алынууда. Аксакалдар менен жаштардын калың катмарынан өкүлдөр жолугушууга келишип, келечекке карай ой калчашып, азырынча маанилүү кеңешмелер өтүүдө.

Таяныч издеген Алмазбек Атамбаевдин бир топ адамдары да ооп, биригүүлөрдүн маңызы тар чөйрөдө талкууга алынууда. Жакында КСДПнын чыныгы тарапташтары Туйгунаалы Абдраимовду лидерликке көтөрүшүп, парламенттик шайлоого карай багыт алышары байкалды.

«Жандооч кийик аттырат» демекчи, азырынча белдүү фигураларды, сүрөй турган күчтөрдү атабай туралы. Эң башкысы, КСДП таза саясый катмарды, элдик лидерлерди бириктирүүгө кызыкдар. «Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган» баштоочу катары Туйгун байке туруп берсе, көпчүлүктүн чыныгы колдоосуна ээ боло турганы айныгыс чындык!

Булак: АЗИЯnews

Последние новости