www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындагы жайыт талашта бир жаран өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Нарын ОИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга 2020-жылдын  9-июнь күнү саат 08:00 чамасында Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу Кырк-Боз-үй участогунда  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары Кочкор районунун тургундары Кум-Бел жайлоосуна барышып тоскоолдук жаратып жатат деген маалымат түшкөн.  Ал жерге кызматкерлер барган учурда болжол менен 250гө чукул жаран чогулушканы аныкталган. 

Жыйналышта Жерге-Тал айылынын тургуну А. аттуу адам өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылган учурда милиция кызматкерлери өзүн-өзү өрттөөгө жол бербөө максатында токтотуп калышкан.

Аталган факты боюнча Нарын ОИИБи тарабынан КР Жазык Кодексинин 265-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости