www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-июнь күнү Кой-Таш окуясы боюнча сот уланып, антимитинг менен коштолду. ОБОНдорду алкынтып, бүлүк салууну күч органдары уюштуруп атышканы уят эмеспи? Башкасын айтпасак да, Кундуз Жолдубаева сотко кирип баратканда, ага карата «Камалсын! Коррупционер!» деген сыяктуу лозунгдар суу кечпей калды.

Кундуз айым журналистика тармагында иштеп келсе, мамлекеттик чиновник болбосо, анан ОБОНдордун беттырмарлыкка барышканы абсурд! Жаңыл Мырзадай каарманыбыз «токулган» кылмыш иштери менен жабыркап жатса, ал аз келгенсип, Биринчи Май райондук сотунун алдынан ызы-чуу кылышып, моралдык-психологаялык басым жасоого жандалбасташканы акылга сыйбаган көрүнүш. Коомчулук баарын таразалайт. Аягында күч органдары ОБОНдорго таянганы - бийлик үчүн аброй жаратмак беле?..

Булак: АЗИЯnews

Последние новости