www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, бүгүн Россиянын Оренбург облусундагы мекенине келүү үчүн аталган жерге топтолуп калган кыргызстандыктар 43 автобус менен Казакстан аркылуу жолго чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

"20 автобустан турган биринчи колонна 4-август күнү кечинде сапар алды. Анда 1101 жаран бар. Экинчи колонна 5-августта жолго чыкты. Анда 23 автобуста 1356 кыргызстандык келе жатат", — деп айтылат маалыматта.

Бул үчүн Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосу коңшу Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды анын аймагы аркылуу алып өтүү үчүн транзиттик коридор ачтырган.  

Учурда бардык автобустар Казакстандын аймагында.

Буга чейин РИА Новости басылмасы Оренбург, Самара облустарындагы Россия-казак чек арасынын аймагына топтолгон 3,5 миңден ашык Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары мекенине жөнөтүлгөнү жатканын жазышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости