www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр кезинде Мухаммедкалый Абылгазиев Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп туруп айлыгы жыйырма эсе азайган Эркин Асрандиевди кантип вице-премьерликке көндүргөнүн айткан. Анткени, Жогорку Кеңештин депутаттары ал кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден вице-премьерликке талапкерлиги сунушталып жаткан Эркин Асрандиевди кантип ынандырганына кызыккан. Бул суроого жооп берип жатып Абылгазиев акча маанилүү ролду ойнобой турганын билдирип кеткен. Учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Верный капитал” жана “СкайМобайл” компанияларынын өкүлдөрү менен жолуккандыгы тууралуу cоциалдык тармактарда маалымат тараган. Буга байланыштуу өкмөт атайын маалымат таратып, жогоруда аталган компаниялар менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жолугушканын билдирген. Демек, канткен күндө да өкмөт өкүлү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 2020 - жылдын 15-майында “Верный капитал” компаниялар тобунун башкы директору жана өнөктөшү Ерлан Оспанов жана “СкайМобайл” ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен “СкайМобайл” компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн.

Жолугушуу учурунда негизинен “СкайМобайл” компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон. Ошондой эле, салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Анын ичинде салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине КНС кошуу маселеси бар эле.  Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев радио жыштыктар мамлекеттин активи болуп саналары жана мамлекет жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керектиги тууралуу позициясын билдирген.

“Ала-ТВ” кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алган, а бүгүн анын наркы алда канча жогору. Бул радио жыштыктар боюнча он миллиарддаган сом тууралуу болгон чуулгандуу окуя эл арасында катуу резонанс туудурган. Ал кездеги өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин убактылуу эс алууга кетип, андан ары “өз каалоосу боюнча” отставкага кетишине жол түзүп берген.

2020-жылдын башында “СкайМобайл” жана “Билайн” компаниялары “АйТел” компаниясынан жыштыктарды сатып алуу тууралуу келишим түзөт, бирок акыркы мүнөттөрдө жогоруда  айтылган компания жыштыктарды сатпайм деп чалкасынан кетет. “Билайнга”, так айтканда компаниянын 49 пайыз акциясын ээлеп турушкан казактарга бул жагымсыздык туудурган. Ошондуктан, тоңуп турган музду жылдырып, аба сыяктуу керек болуп турган бул жыштыктарды сатып алуу үчүн бул жакка өзүнүн оюнчусу Абдумухтар Халдаровду кыпчыйт.  Башында биздин өкмөт Абдумухтар Халдаровду кепек ордуна да көргөн эмес. Биздин каарман Абдумухтар Халдаровдо бир гана айла болгон, ал өзүнүн уулу Артур Халдаров ээлик кылган “Ала-ТВ” компаниясынын жыштыктарын өзүнө алган. Бары бир бул компания чоң пайда алып келген эмес, ал эми анын артында атаандаш башка компаниялар жыштыктарды ээлеп алуу үчүн жутунуп турушкан.

Болуп турган көйгөйлөрдү тез аранын ичинде чечүү максатында Халдаровдордун үй-бүлөсү өкмөткө, дал өкмөт башчысынын өзүнө таасири тийип турган адам менен байланышууну көздөгөн. Ошентип, ортого арка бел боло турган, кадырлуу адамды салышат. Албетте, бул бекер болмок эмес. Халдаровдун үй –бүлөсү аны менен жакындан таанышып, жакшы таанышканы үчүн 10 миллиард сомду берген. Чынын айтыш керек бул пара эмес болчу, Халдаровдун үй-бүлөсүнүн “өз эрки” менен ага болгон сый. Өтө акылдууларга кайталап кетишибиз керек, бул эч кандай пара болгон эмес, анткени Кыргызстанда коррупция “жок эмеспи”. Коррупцияга каршы күрөшкөн акыйкатчыл адамдар эч качан пара алышпайт жана өтө ири суммадагы акча каражаттарына көмөк көрсөтүшпөйт! Бирок жакшылыкка жакшылык кылуу үчүн алар дайыма даяр. Ошондуктан, мындай “жакшылык кылгысы” келген адамдар кандайдыр бир жол менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге чыгышат. Мына ошентип, ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев керек болсо тендер өткөзбөй туруп “Ала-ТВ” компаниясынын жыштыктарын кандай баа болсо да алып берүүгө кепилдикти унчукпай моюнуна алат.

Жыштыктарды сатуу боюнча коопсуздук органдарынан уруксат документтерди УКМКнын бөлүмдүн башчысы Нурлан Момунов менен УКМКнын тыңшоочу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Марс Сыдыков кол коюшуп, бүтүрүп беришкен. Бул экөө тең ушул чуулгандуу окуялар боюнча кармалып жыштыктарды сатуу боюнча УКМКнын СИЗОсунда тергөөдө. Бул экөө ортодо бекер жерден камалып жаткан жери жокпу? Анткени, өтө таасирдүү адамдар мындай он миллиардаган акча бар оюндарга кийлигишпесе, булар кол коюп беришип тузакка түшөт беле? Ушул окуялар боюнча кармалган Артур Халдаров азырынча болуп өткөн окуялар боюнча чындыкты ачыкка чыгара элек сыяктуу. Балким, ал боло турган сотто ачыкка чыгар.

Бул резонанс жараткан жыштыктарды сатуу боюнча чуулгандар ызы-чууга айланып, акыры өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевди кызмат ордунан шыпырып түштү. Андан тышкары ушул окуяга тиешелүү бир нече чоң мансаптагы адамдар сурак берип жатышат. Учурда 10 миллиард сом кимдин капчыгына “лып кирип” орун алганы тууралуу аныктала элек. Жыштыктарды сатуу боюнча болгон окуяга бир топ убакыт өтүп баратат, ал эмес эл алдында бардык кара бойоктор сүртүлүп, жыштыктарды сатуу боюнча кызмат ордунан кеткен Мухаммедкалый Абылгазиевдин ордун бошотконуна да бир топ убакыт болуп калды. Бул маселеге кызыккан адамдар ушул тарапка кулагын түрүп отурушканы менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөт башчысынан кетиши деле жыштыктарды сатуу боюнча тергөөнүн ишинин жылышына оң таасир берген жок. Эгер парага эмес, жакындан таанышуу үчүн берилген 10 миллиард сомдон ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өөнөп калганы чын болсо, анда эмнеге маалымат каражаттары аркылуу көпчүлүккө жарыяланбайт? Мухаммедкалый Абылгазиев менин ал жерде эч тиешем жок деп так кесе айта алган жок, кара булуттун бары анын башына айдалганы менен он миллиардаган сом унутта калып бараткандай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости