www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кечээ, 4-августта Латын Америка коронавирустан каза болгон адамдардын саны боюнча Европадан ашты. Муну менен бул өлкө адам өлүмү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкканын «Reuters» маалымдады.

Учурда Латын Америкада 206 миңден ашык адам көз жумду, бул дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун 30 пайызын түзөт.

Ал эми Бразилияда 95 миң 819 адам, Мексикада 48 миң 869 адам аталган илдеттин кесепетинен каза тапты. Ошондой эле Колумбия, Перу, Аргентина жана Боливияда вирус тездик менен жайылып жатат.

«Оору жуктургандардын саны өлкө жетекчилери карантиндик чараларды жеңилдеткенден кийин көбөйүп кетти», - деп жазды басылма.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости