www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Кара-Буура районундагы жеке ишкер Мирлан Назарбеков 24-июль күнү Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна эки тез жардам унаасын тапшырды. Тактап айтканда, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык ооруканага тез жардам унаасын тартуу кылган. 


Мирлан Назарбеков 1млн сомдун тегерегинде кайрымдуулук иштерин жасап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таркатса, райондун аймагындагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлерге 4,5 млн сомдун тегерегинде кислороддук концентраттарды камсыздап берген. 


Ошондой эле аталган оорукананын оңдоп-түзөө иштерине да каражат бөлүп берип, элдин ыраазычылыга ээ болгон ишкер, буга чейин деле бир катар жардам көрсөтүп келген. 


“Жашоо байлык топтоо үчүн эмес байлык жашоону жакшыртуу үчүн", деген ураан менен элине кол кабыш кылган уулума ыраазымын. “Ата журт кыйын кезге кабылганда, Айлансын ар бир уулун чагылганга” демекчи, ушул кыйын кырдаалда Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну Мирлан Назарбеков райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана аймактык ооруканага тез жардам унаасын тартуу кылды. Бул деген канча адамдын өмүрүн сактаганга өбөлгө болот. Кыргыз эли эч качанэч ким оорубасын, - деди ишкердин апасы Умсун Назарбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости