www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-июнда “Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын жоголгону боюнча борбордун эски аянтына чогулгандар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Митингге чыккан коомдук активисттер, мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр 5 күндөн бери тынчтык митингин өткөрүшүүдө. Орхан Инандынын тарапташтары социалдык тармактар аркылуу #табылсын хэштеги менен флешмоб уюштуруп жатышат.

«2-июнда айрымдарыбыз Бишкек ШИИББинин башчысы Азамат Ногойбаев менен жолуктук. Көптөгөн мамлекеттик органдар Орхан Инандынын жоголушуна көз салып турушат. Урматтуу Садыр Нургожоевич, күч органдарына дайынсыз жоголгон адамды издөө боюнча күчөтүлгөн режимде иштөө тапшырмасы берилди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алар чындыгында эч нерсе жыйынтык бербей, жалпыга маалым болгон эле нерселерди айтышууда. Коомчулукка тергөө иштери боюнча толук маалымат берүүнү суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости