www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Бахри-Точик суу сактагычынан Казакстанга 315 млн куб суу берүүгө макул болду. Бул сууну Казакстан жай мезгилиндеги сугат үчүн пайдаланат, деп жазды «Евразия Нет» («Eurasia Net») басылмасы.

Суу Кыргызстан аркылуу Түркстан жана Кызыл-Ордо облустарына жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри менен Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Дүйшөмбү шаарында жолугушкан учурда макулдашышкан.

«Казакстан өз кезегинде Тажикстанга Бахри-Точик суу сактагычындагы суунун көлөмү азайып, терс кесепеттерге алып келсе, материалдык-техникалык жардам көрсөтөт», - деди казак министри.

Бул жылы Борбор Азиядагы эки негизги дарыянын бири болгон Сырдарыядагы суунун көлөмү дээрлик 3 эсе азайган. Суунун жетишсиздиги Казакстандын түштүгүндө кургакчылыкка алып келиши мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Казакстан Тажикстанга курал-жарак менен жардам көрсөтөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости