www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы чет элдик жарандарга вакцина саюу жакын арада башталышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Дмитрий Песковго таянып кабарлады. 

"Кыязы, бул эки айга чукул мезгилдин маселеси. Бирок, албетте, ыкчам түрдө жүргүзүлөт, себеби вакцинага суроо-талап абдан көп", — деген ал.

Мурдараак Владимир Путин чет элдик компаниялар жана инвестиция боюнча эл аралык коомчулуктүн өкүлдөрү — "Спутник V" препаратынын өндүрүүчүлөрү менен жолугушуу учурунда Россия чет элдиктердин акы төлөп эмделишине шарт түзүп берерин айткан эле. Ал аталган маселе боюнча иштерди айдын соңуна чейин бүткөрүүгө тапшырма берген.

Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко бул биринчи иретте, Россияда иштеп жаткан чет элдиктерге жасаларын айткан.

Азыр Россияда эки компоненттүү үч вакцина элге сайылып жатат. Алар — "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак". Мындан сырткары, "Спутник V" препаратынын биринчи компоненти "Спутник Лайт" да каттоодон өткөн. Түз инвестициялар боюнча россиялык фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриевдин айтымында, бул вакцина негизинен тышкы рынокко багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости