www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жактоочулары анын жоголушуна байланыштуу ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобунун курамынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүн чыгарууну суранып жатышат. Бул тууралуу Инандынын үй-бүлөсүнүн адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Адвокаттын айтымында, мындай өтүнүч Инандынын жоголушуна Кыргызстандын атайын кызматынын тийшеси болушу ыктымалдыгы тууралуу маалыматтарга байланыштуу келтирилди.

УКМК жактоочунун бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Атайын кызмат 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор Инандыны акча талап кылуу максатында уурдашы мүмкүн деген маалымат түшүп, “Адам уурдоо” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталганын, ага жеке жансакчы алуу сунушу берилгенин 1-июнда билдирген.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык адам. Ал 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда. Милиция бул факт боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон. Инандыны Интерпол да издөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости