www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепте алган билиминин натыйжасын чыгаруу үчүн Жалпы республикалык тестирлөө (ОРТ) аяктады. Министр катары Каныбек Исаков жылдын башында келген. Келер менен контейнерде сабак окутуп, канча мен мыктымын деген көп тажырыйбалуу мугалимдер “суусап” турганына карабай, “Эл агартуу отличнигин” колу ийрисине тартып, жогорку окуу жайын жаңы бүткөн жердешине берип жиберип, элдин талкуусуна калган. Министр Каныбек Исаков “Мегаком” жана “О” уюлдук байланыштарынын акысыз интернетке сим карталарды таратып беребиз деген убадасын берген, бирок бардыгы эле интернетке бекер кирди деп айтууга болбойт. Балким дагы кол ийрисине тартып кеткендир? Президент менен жолугушканда 2024-жылы (президенттин мөөнөтү аяктаган соң) Кыргызстан башка мамлекеттерди артка калтырып, билим берүү тармагында жогорку чекке жете турганын баса белгилеп, элдин күлкүсүнө калган.

 Кыргызстан Башмыйзамыбызда акысыз билим берүүгө басым жасап келатабыз. Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүмүнүн 9-пунктунда “мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу” баса белгиленген. Ушул эле Конституциябыздын 45-беренесинин 2-бөлүмүндө билим берүү акысыз экени таасын белгиленип кеткен. Мыйзамда жазылганын окуп, социалисттик идеологиянын күчтүү экенине моюн сунабыз. Бирок, чындыгында эле билим берүү акысызбы? Кээ бир мамлекеттерге салыштырмалуу билим берүү акысыз бекер экенин танууга болбойт. Көп мамлекеттерде билим берүүгө акы төлөп окутушат.

Социализмдин “каймагын” жеп калган бизде билим берүү акысыз. Бирок, ошол эле социализм 90-жылдарга чейин көк тиреп турганына салыштырмалуу ата-энелердин капчыгы да иштеп жатат:

  1.  Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткен соң президент Аскар Акаевдин убагында “Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамы” кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ата-энелер өз ыктыярлары менен мектептин фондуна акча төлөп туруу каралаган. Ким өз баласынан акча аясын, мектептин бул фонду адатка айланып кеткен.
  2. Совет заманында жүрүп отуруп, акыры ар бир окуучуга окуу китептерин акысыз берүү маселеси чечилген. Бүгүнкү күнү көпчүлүк окуу китептери ижара менен акысыз берилет. Сатып алына турган китептер да бар. Мурунку Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага ата -энелер тарабынан коюлган “ярлыктар” ушул окуу китептериндеги каталар боюнча коюлган. Биринчиден, каталарга жол коюлса, экинчиден, Кыргызстанда басмаканалар жок калгансып, окуу китептерин чет мамлекетте бастырып келген.
  3. Педагогикада ар кандай багыттар бар. Социалисттик идеология колдонгон билим берүү тармагы бардык жагынан элге үлгү көрсөтө тургандай алдыда болчу. Бүгүн билим берүү системасын санариптештирүү күч алды. Эгер биз өз багыттарыбыздын уңгусун калтырып, санариптештирүүгө өтсөк, дале эч кимди алдыга салбайбыз.

Төртүнчү чейректен баштап  мектептер, жогорку окуу жайлары  аралыктан (дистанциялык) окутууга өттү. Коронавирустан жаралган абалдан улам онлайн окутууга өткөнүбүз түшүнүктүү. Онлайн сабакка мугалимдер, окуучулардын даярдыгы бар экени белгилүү болду. Ошол эле учурда айрым мүчүлүштүктөр да болду. Кандай ыкманы (методиканы) тандайбыз, баалоо маселеси кандай болот деген маселелер жаралды. Бирок, бул маселелер да акырындык менен жолго салынды. Мугалим, окуучулар бири билбегенди бирине үйрөтүп, тез эле программист да боло түштү. Алар улам бир кемчиликти жоюп, артыкчылыгын баамдап, бул системада да адис боло алды окшойт.

Мугалимдер онлайнга өтүү буйругу чыгар менен, компьютерди колуна алып видео-сабак жазууга киришти. Онлайн сабак өтүүнүн артыкчылыгы мурда окуу жайга анча көзгө көрүнбөгөн, сабактарга толук катышпаган же сабакта тартынып сүйлөбөгөн балдар видео аркылуу активдүү болушканын байкалды. Көпчүлүгү онлайн-сабакты жөндөп кетишти. Алардын онлайн сабакты жөндөп кетишкендери санарипке өткөнгө пайдасы тиет десек болот. Бекеринен эки жылды катары менен санариптештирүү жылы деп жарыяланган эместир. Азыр да санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн үстүндө иштөө маанилүү. Анткени,  заман өзү бизге кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн экенин көрсөтүп койду. Мүмкүн коронавирустун экинчи толкуну күзгө туура келип калса, кайрадан онлайн окуу болушу мүмкүн. Ушул жай айлары эс алуу менен бирге онлайн сабактарды да мыктылоонун үстүндө ар бир мугалим аракеттенүүсү маанилүү.  Дүйнөнүн кээ бир мектептеринде буга чейин эле онлайн сабактар өтүлүп турган. Болгону, бизде  колдонулчу эмес. Онлайн сабак өтүүнү тез өздөштүрүп кетишкендиги элибиздин санариптештирүүгө даяр экендиги, мактоого татырлык   жакшы жагы.

Онлайн сабак өтүүнүн кемчиликтери айрым учурларда окуучу  видео-сабакка катышты делип белги көрүнгөнү менен ал сени угуп жатабы, же башка иш менен алекпи деген да маселе бар. Окуучулардын көпчүлүгү айылдарда болгондуктан, айыл жумушу бүтпөйт. Башка иштер менен алагды болоору турган иш. Дагы бир жагы интернеттин жоктугу, же анын начар иштөөсү. Интернет үзгүлтүк болгондо сабактын кайсыл бир бөлүгү угулбай, кабыл алынбай калган да жагдайлар болот. Албетте, мектептин өзүнө барып билим алган албетте жакшыраак. Окуучулар да чөйрө менен аралашканды, таанышып, баарлашканды, мамиле түзгөндү да кошо үйрөнүүсүн, билимдин жугумдуулугун эске алсак, албетте маңдай-тескей отуруп билим берүү, билим алуудан өтөөрү жок. 

Кыскасы, акыркы чейрек онлайн тибинде өтсө дагы окуу жылынын жыйынтыгы чыкты. Жалпы республикалык тестирлөө мурункудай эле формада өттү. Деги министр Каныбек Исаков быйылкы окуу жылында кандай иштеди?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости