www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-сентябрда “Парламент” радиосунда ЖК депутаты Махабат Мавлянова, Мамлекеттик экотехинспекциясынын курулуш, архитектураны көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Ашырбаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Азис Бейшекеев маек курду. Анда депутат Махабат Мавлянова акыркы мезгилдердеги курулуш материалдары адамдардын ден-соолугуна зыян алып келип рак, аллергия, сасык тумоо өндүү ооруларга себеп болуп жаткандыгын айтты.

“Калктын саламаттыгы бааарынан маанилүү. Курулуш материалдарын текшерип, пайдаланууга берүүдө тыкыр текшерилиши зарыл”, - деди депутат.

Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциясынын өкүлү Таалайбек Ашырбаев, - “Ар бир курулуш иштери башталаарда биз текшерүүдөн өткөрөбүз. Бирок, курулуш материалдарынын сапатына биздин орган жооп бербесе да,  өрт коопсуздугунун сакталышын катуу талап кылабыз”, -  деп маалымдады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Азис Бейшекеев акыркы мезгилдеги өрт кырсыктары, өрт коопсуздугунун сакталбашынан улам келип чыгып жаткандыгына токтолду. Бүгүнкү күндө өлкөнүн баардык аймактарында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Статистикага көз салсак, быйыл өрт кырсыктарынын көрсөткүчү былтыркыга салыштырмалуу жогору. Тактай келгенде, “2017-жылы 2788 өрт кырсыгы катталса, быйыл  өрт кырсыгы 2962 ирет чыккан”  - дейт адис.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости