www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызык эле жанбыз. Далилдүү айтылган нерсеге ишенбей, кайдагы бир жорумга аң-сезимди алдырып алып, алаңдап отуруп калабыз. Негизинде азыр жүзүн көрсөтпөй амалданып, түркүн түстөгү ушактарды таратып, түк болбогон имиштерди токуган шылуундар бизди бийлеп алгысы бар. Тимеле жанында жүргөнсүп кеп козгошот денени ичиркенткен эпчилдер. Эми алар деле алыстан келген жок, арабызда эле шынаарлап, куйтуланып, ак көрүнгүсү келип ойсолоктошот. Бираз жазмакерлик өнөрү барлар ошондой ыкмага өтүп алышкан. Сөөк ыргыткан кожоюндарына чөп илешер замат коңулдан ызылдап чыга калышат да, жотоңо чейин асылып жатып калышат, баччагарлар.
Акыйкатында ушундай балакеттер элдин мээсин тегеретип, өзүнө ыңгайлуу маалыматтарды чаптай салууга кызыктар болгону алаканга салгандай көрүнүп турат. Бир жагынан мындай “жүзү жоктор” коомчулуктун “рак шишиги” десек туура келет. Эмне үчүн булар өзүнүн нагыз сүрөтүн койо алышпайт. Себеби, алар ушак таратууга чакырылган “фейктер” дегенге арзыйт. Ал эми эч нерседен коркпогон, өз пикирин айтуудан корунбагандар түз эле жообун берүүгө даяр. Баарынан да эки жаат болуп алып акыйнек айтышканда кээде бооруң эзилет күлө берип. Жаман илдеттен кутулбай калдык го,мындан ары “жүзү жоктор” арбыганы менен түк азайбайт. Балээ болду...
Булак: "Ачык сөз"