www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иликтөө иштеринде кыргызстандык журналисттер Орто Азия боюнча алдыда. Мындай пикирин блогер, иликтөөчү журналист Болот Темиров айрым маалымат булактарына билдирген.
Анын айтымында, чет өлкөлөрдө миллиарддаган акча тапкан блогерлер бар. Ал эми Кыргызстанда блогерлер YouTube аркылуу ири киреше таппайт.
Анын үстүнө өлкөдө жарнама рыногу аз. Андыктан блогерди же мамлекеттин, же кайсы бир саясатчынын каналы каржылайт.
«Көбүнчө блогерлер гранттарга жазат, гранттар Америка, Европадан болот. Орусия тараптан болсо, аларга да жазмакпыз. Блогерлер грант аркылуу иш алып барат. Ал эми саясатчыга кайрылсаң, алар чектөөлөрдү коёт. Ал эми чет өлкөлөр иликтөөгө карайт, мазмунуна кийлигишпейт», - дейт Темиров.
Булак: NazarNews.kg