www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак элинин белгилүү дин аалымы Абдугаппар Сманов 50 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Смановдун кесиптештери маалымдашты.

Азырынча Казакстандын жергиликтүү маалымат булактары аалымдын эмнеден улам каза болгону тууралуу маалымат бере элек.

Бул тууралуу Чубак Жалилов да расмий баракчасына билдирүү жазып чыкты.

"Орто Азияга таанымал үлкөн аалым Абдугаппар ажы Смановдун өтүп кеткендигин кайгыруу менен кабыл алдым. Кудай Таалам Абдугаппар бир тууганыбыздын барган жерин бейиш кылсын! Кудай жолунда кылган эмгектерин Кудайым өзү кабыл кылсын!

Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Даават сапарларында бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. Кудай Таалам жаткан жериңизди бейиштен кылсын!", - деп жазат Жалилов.

Абдугаппар Сманов 1970-жылы февралда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда туулган. 1990-1994-жылдары Бекабаддагы (Өзбекстан) "Магрифат" медресесинде диний билим алган.

1994-жылдан бери ал “Таяк ишан” мечитинин башкы имамы жана мечиттин жанындагы медресенин окутуучусу.

2010-жылдан 2016-жылга чейин Сарыагаш медресе-колледжинин директорунун орун басары, 2016-жылдын декабрь айынан баштап аталган колледждин директору болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости