www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерди бөлүштүрүүдө мүчүлүштүктөр болду беле?

Кооперативдерге негизделген өнүккөн АКШ, Улуу Британия, Канада, Австрия  сыяктуу мамлекеттерде буудайдын түшүмү гектарына 60-70 центнерден кемибейт, бир саан уйдан 50-60 литр сүт алынат, бодолор 180 күндө 300 кило эт берет, кант кызылчасынын орто түшүмү 600-650 центнерге жетип, канттуулугу 20 пайыздан кемибейт. Албетте, алар менен биздин реформаланган айыл чарбасы атаандаша албайт.

Колхоз-совхоздорду таратып жерди бөлүштүрүүдө мүчүлүштүктөр болду беле? СССР тарап, Кыргызстан өз алдынча күн көрө баштаганда колхоз –совхоздор мамлекеттик карамагында эле. Мурун союздук дотацияда турган колхоз –совхоздор мамлекеттин бюджети үчүн оор салмак туудурган. Ошондуктан, колхоз –совхоздорду мамлекеттик бюджеттен чыгаруу үчүн ошол кездеги бийлик тарабынан ар кандай аракеттер башталган. Ооба, колхоз –совхоздор мамлекеттик бюджеттен чыгышты, бирок кайрадан кооперативдерге бириге албай калышты. Жерди бөлүүдө эң башкы катачылык ушул.

Кооперативдерди сактоо максатында жерди, техника, короо –жайларды, малды ортого кармап, бирок аларды дыйкандарга  бир топ жылга арендага берип, ушул белгиленген чек болгон соң, кооперативдик менчикке айлантуу жолу да бар эле. Арендага алгандар ошол кездеги алгандарынын чыгымдарын толугу  менен өздөрү көтөрүшүп, ошол жерден алган азык –түлүктөрүн рынок экономикасынын наркына ылайык сатышып, кирешесинин ондон бир бөлүгүн ошол айылдагы тейлөө кызматтарына, багаар көрөрү жокторго төлөшүп, калган пайдасынын барын өздөрүно жумшаса болмок. Мурунку колхоз –совхоздордорду жетектеген дыйкандардын эсебинен айлык алышкан колхоз –совхоздордун активдерин кыскартып, алар арендага алгандар менен келишим түзүп, ошолордун эсебинен айлык алышса деле болмок. Эгерде кооператив уюштурууга багытталган ушул жолго түшө турган болушса, арендага жерди алгандар толук жоопкерчиликте эсеп-кысап менен оокат кылышып, киреше-чыгашанын булактарын, чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын үйрөнүп кетишмек. Айыл-ападагы колунда жоктор, же чарбачылык иштерин жүргүзө албагандар өзүнө тиешелүү жерлерин сатып, жалдырап отуруп калышпай, кооператив аркылуу жардамдарды алып турмак. Эгерде кооперативдик жолду тандаганда жүрүп отуруп кыргыз элинин көпчүлүгүн түзгөн айыл чарба тармагында эл бай, кедей болуп эки жаатка бөлүнбөй, мамлекетти карап багар – көрөрлөрү жоктор оозун ачпай айыл чарба тармакта жашагандар тегиз өсмөк.

Албетте, колхоз –совхоздордорду мурункудай мамлекеттик бюджеттин аркасы менен каржылоо, мамлекетти карызга белчесинен батырмак. Ошондуктан, колхоз –совхоздордор тарап, өндүрүш каражаттарынын бары, жер, мал, техника, короо-сарай  үлүштөр жалпы эле тарап кетти. Мындайда эсебин тапкандар  жакшыраак үлүштөргө ээ болуп, көпчүлүк, анын ичинде багар-көрөрү жоктор айласы жок өз үлүштөрүн сатышып, тилемчинин кейпине келип калышты. Жер бытыранды болуп, майда үлүштөргө бөлүнүп, которуштуруп айдоо колдон чыгып, тейлөө кызматтары ар кимдин колунда калып, арык-каналдар кароосуз калды. Азыр айыл эли эки катмарга бөлүнүп калып, колунда эч нерсеси жок кийинки муундун жаштары эки бийлик алмаштырууда кыймылдаткыч күч болуп беришти.

Бул да айыл чарбасында болгон реформа, мамлекетке оң натыйжа бергени менен, кооперативдерге бириге алышпай аксап турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости