www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл башынан бери эң көп кымбаттаган азык-түлүк

2020- жылдын октябрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 9,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. 

Муну менен бирге, чеснокко - 1,6 эсеге, кумшекерге - 27,4 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 25,0 пайызга, быйылкы жаѕы бышкан жемиштерге - 16,9 пайызга, гречиха акшагына - 16,0 пайызга, жаѕы союлган этке - 15,9 пайызга, унга - 15,6 пайызга, картошкага - 15,1 пайызга, макарон азыктарына  - 15,0 пайызга, тооктун жумурткасына - 7,1 пайызга, накта балга - 5,8 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 5,3 пайызга, катуу сырларга - 4,4 пайызга жана күрүчкө - 4,0 пайызга кымбаттаган.

Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу лимондун (2,1 пайызга), таруунун (1,3 пайызга), гречиха акшагынын (1,1 пайызга), ээригич накта кофенин (0,3 пайызга) жана ак (каймак) май балмуздакка (0,2 пайызга) бааларынын төмөндөгөнү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости