www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев, Сариевдер бийликте турганда Банк ячейкасынан бир КАМАЗ толтура акча жүктөлүп келген. Сариев УӨнүн финансы министри катары бул акчаларды жакындарына бөлүп берген. Жалпы баасы 21 млн. долларлык бул акчалар керектейбиз деген акчаларын банкка салып коюшкандардыкы болсо да, Сариев УӨнүн финансы министри катары бул акчаларды жакындарына бөлүп берген. Ушунун ичинен 7 миллион доллардын 3 327 095 доллары гана мамлекет органдарына жеткен.  Анын 2 587 174 «жашылбайы» «омийн»  болуп, кайрадан кайтарылып берилгени 733 миң 965 доллар жана сомго айланган 5 миң 900 доллар (274 миң сом). Банктын ячейкаларында 12 миллион 384 миң доллар сакталып турат демиш болуп ың-жың болгон. Калганы кайда кеткени тууралуу аттуу-баштуу, айла-амалдуу адамдар менен калыс болуп берген прокуратуранын гана башы жетпесе, карапайым адамдын тиши өтпөйт экен. Жылдар өтүп жатат, банк ячейкасынан уялбай кайсап буга чейин дайынын билдирбегендер эми билдирмек беле?

2010-жылдын 15-апрелинде «Бакай банкында» оюн башталат. Албетте, калыстар тобу жок оюн болчу беле. Калыстар тобуна: Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү Табалдиев, Банктын милдетин аткарган башкаруучусу Даньшина, банк өкүлү Мурзалиев, күбөлөр Садовский, Садыров кирет.

Банк ячейкасынын № 196 уячада  110 миң 500 доллары, № 197 уячада 1 миллион 896 миң 900 доллары болот.

Бул оюн  2010-жылдын 17 –апрелинде  «Манас Банкта» улантылат. Калыстар тобу: Табалдиев, банктын милдетин аткарган башкаруучусу  Алишерова, банк өкүлү Докащенко, күбөлөр Мисиров, Жакыпов.

Банк ячейкасынын № 364 уячада 359 миң 600 доллары жана 414 миң 290 сом, № 365 уячада 840 миң доллары, №366 уячада 827 миң доллары болот.

2010-жылдын 18-апрелинде «АзияУниверсалБанкында» өткөрүлүп, калыстар тобуна Бишкек шаардык прокуратурасынын  тергөөчүсү Табалдиев, ага тергөөчү Намазалиев, банктын милдетин аткарган башкаруучусу Калимбекова, банктын өкүлү Мурзалиев, депозиттик сейф бөлүмүнүн башчысы Алымбекова кирет.

 Калыев менен Михаил Надель № 8/2 уячага 1 миллион 999 миң доллар, № 27/2 уячага 500 эле сом, № 386 уячага 1 миллион 948 миң доллар, № 439 уячага 749 миң 900 доллар салышкан. Гүлнара Үсөнова, уулу Мурат Үсөнов экөө № 257 уячага 66 миң 850 доллар салып жиберишет. Ошондой эле № 16 уячага Капар Курманалиев 45 миң доллары, 30 миң 850 евросу менен кошо 100 граммдан эки алтын куймасын салса, Нургүл Абдыразакова  № 78 уячага 540 доллар салып жана эки кымбат баалуу билерик, үч каухар шакек, эки жакут чынжырчасын салып ийип атпайбы. Андан тышкары № 81/1 уячага дагы бир аты-жөнү белгисиз 100 доллар салат.

2010-жылдын 20-апрелинде кайрадан оюн «Манас Банкта» өтөт. Калыстар тобу: Бишкек шаардык прокурорунун орун басары Нишанов, Банктын и.о башкаруучусу Алишерова, кассанын  жетекчиси Касымов, күбөлөр Абдивасиев, Жантаевдер. Касымовдун көрсөтмөсү  боюнча Ким аттуу жаранга № 347 уяча оюндун эрежесинен тышкары, ижара келишими жок берилген. Ким № 347 уячага 286 миң 500 доллар жана 2 миллион 600 миң сом салган. Ал эми Ульяна Пак деген келишимдүү келин  № 336 уячага 1 миллион 350 миң доллар, № 395 уячага 1 миллион 350 миң доллар, № 396 уячага 1 миллион 959 миң доллар, № 397 уячага 1 миллион 619 миң доллар салат. Кошуп эсептегенде банктагы уячага 21 миллион 500 миң доллар салынган экен.

Бул акчаларды ашаганды Убактылуу Өкмөттүн Финансы министри Темир Сариев баштайт. Бул ары-бери чуркап жанын кейитпей эле сотка менен эле миллиондорду соро берет. Бирок каражат кайда сарпталып жатканы көзөмөлдүккө алынган эмес.

Темир Сариев менен Өмүрбек Текебаевди Бишкектин экс мэри Иса Өмүркулов ресторанга алып барып 1000 доллардан сый көрсөткөнү бар. Өмүрбек Чиркешович ыраазы болуп кайтса, Темир Аргенбаевич тойбой кайткан деген сөз жүрөт. Финансы министрлеринин өзү тойсо да көзү тойбойт эмеспи. Темир Сариевдин колуна акча тиери менен сотка менен эле бөлүштүрө баштайт. Алгач эле Бишкектин экс -мэри Иса Өмүркуловго 100 миң доллар, Бишкектин Ленин районунун элдик кошунуна 15 миң долларды уячадан алып берет. Бишкек мэри Өмүркулов жеке буйругу менен жеке тааныш 21 жеке адамга бакстарды бөлүп берет. «Журт алган куруттан, жуда мени куруткан»-деп Убактылуу Өкмөттүн төрайым орунбасары Өмүрбек Чиркешович 2010-жылдын 13-июнунда буйрук менен 20 миң доллар алган. Эмнеге көзүнө  жакшы көрүнүп кеткени белгисиз Базар-Коргондук жердештери, «Ата-Мекен» партиясынын мүчөлөрү Олжобай Боронбаев, Сайдулла Нышанов дегендерге 5 миңден берсе, Базар-Коргондун акимине калганын  кармата берген. Баса, 5 миң доллар алып депутат болгон Сайдулла Нышанов кийин Текебаевдин аркасына суу куюп, Атамбаевге Кыргыз Эл Баатырын беребиз деп чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости