www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-мартта Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрттөн өлгөндөрдүн саны 53кө жетти, 11 кишинин дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу ТАСС агенттигине өзгөчө кырдаалдар боюнча оперативдүү штабдан билдиришти.

Орусиянын Тергөө комитети 53 кишинин өлгөнү тууралуу маалыматты тастыктады. Жаракат алгандардын саны – 48, алардын 12си ооруканада, бир наристенин абалы оор. Буга чейин Тергөө комитети он баланын мерт болгонун билдирген.

Маркумдарды жерге берүү зыйнатына облустук бюджеттен акча бөлүнөт. Кузбасс губарнатору Аман Тулеев набыт болгондордун жакындары 1 миллион рублдан компенсация аларын айтты.

Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборундагы өрт өчүрүлдү. Куткаруучулар имараттын ичин толугу менен карап чыгышты, бирок кишилер табылган жок. Оперативдүү штабдан маалымдашкандай, кырсыктын келип чыгуу себептери тактала элек.

Кемерово облусунун вице-губернатору Владимир Чернов соода борборундагы өрт батуттук залдан башталганын, кимдир бирөө чакмак алып киргенин билдирген. Кийинчерээк өрт кинотеатрда тутанганы тууралуу маалымат тараган. Учурда төрт киши сурак берүүдө, аларын ичинде соода борбордун ээси бар.

Көз жумгандардын арасында 37 жаштагы Татьяна Дарсалия бар. Кесиби боюнча мугалим болуп эмгектенген.   

Фото әлеуметтік желіден алынды

13 жаштагы М. Марния менен бирге 33 жаштагы апасы М. Полина да күйүп кетти. Жаш өспүрүм кыз, өзүнүн социалдык тармагы аркылуу, жакындары менен коштошконго жетишкен. 

Фото әлеуметтік желіден алынды

12 жаштагы маркум Е. Майяна өз баракчасына "Биз бүттүк" деп жазган сөзү социалдык тармактын колдонуучуларынын дене боюн дүркүрөткөн.  

Фото әлеуметтік желіден алынды

 Вика П менен Вероника П. жакын курбулар, өрт чыккан күнү чогу каза тапкан. 

Фото әлеуметтік желіден алынды

Беш жашар Вика 31 жаштагы агасы Станислав менен чогу эс алганга чыгышкан. 

Фото әлеуметтік желіден алынды

Сүрөттөр Нур.кз сайтынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости