www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сотторго карата бүгүн коомчулукта ишеним канчалык деңгээлде? Мына ушул суроо мезгилдин күрөө тамыры болуп туру. Анткени, сотторго карата ишеним эң төмөнкү баскычта тебеленип жатат. Аны ким мындай абалга алып келди? Мына так ошол сот системасынын өкүлдөрү.
Факты керекпи? Айталы, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков деген убал-сооптон коркпогон фемида өкүлү бар. Биздин кесиптешибиз Зулпукаар Сапановду китеп жаздың деп төрт жылга эркинен ажыратып жиберген неме так ушул. Аныгында акча үмтөтүп турганы ачык эле белгилүү болгон. Дагы жакшы, шаардык сот Зулпукаар Сапаяовду эркиндикке чыгарды. Марат мырзага окшогон акча үчүн баардык чечимди чыгарган «итибайлардан» тазаланбасак бул система эч качан оңолбойт.
Анткени, бул өңдүү эргулдар адилеттүүлүктүн таразасын карасанатайлыкка пайдаланып жиберээри турган иш. Башына иш түшүп, кайгы басып, карантүн каптап турган абалдан акча сууруп чыгып, ошол арам жол менен, пара багытында тапкан акчаларына чалчаңдап көөп жаткан сотторду көрбөй жүрөбүзбү? Көрүп жүрөбүз.
Нурлан Жукеев, Де-факто