www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өсөөр эл мыкты уулдарын көтөрмөлөйт, өспөй турган эл мыкты уулдарын тизеге чаап аксатат, мүдүрүлтөт. Бүгүн да ушул сүрөт тартылып туру. Дегеним, Жогорку Кеңештин экс-депутат Карганбек Самаков чындыгында кыргыздын мекенчил уулу. Улут үчүн, мамлекет үчүн жанын сабап чуркаганын эч ким тана албайт.
Бирок, ага карабастан айрым бир нааразы тараптар аны табалап турган чагы. Ооба, кылмыш иши боюнча да ар тараптуу пикирлер айтылып келет. Басымдуу бөлүгү Самаковдун актыгын, анын мекенчилдигин айтышууда.
Ага жабышкан кылмыш иши да бүдөмүк ойлорго оролуп алган. Демек, саясаттын курмандыгы болуп олтурганы өкүнүчтүү. Миллиондогон долларлардын жиги билинбей, ага тиешелүү жоопкер адамдар бийликтин бийик сересиндс олтурганда Самаковдой мекенчилуулдар тушалып турганы жүрөктү өйүйт.
Булак: Де-факто