www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Англиялык жубайылар, баласын карап жүргөн тарбиячыны камап, кордоп кийинчирээк өрттөп жиберген. Бул тууралуу "Вести.Ru" сайты жазып чыкты.

21 жаштагы Софи Лионе Лондонго тил үйрөнүү үчүн келген. Сабагына бош учурда кошумча акча табуу үчүн, бала бакканга кошумча иш таап алган.

Софи жаш үй-бүлөө Сабрина Куайдер менен Уисма Медунинин баласына каралашкан. Тилекке каршы, Сабринага жаш тарбиячы жага бербей, ал күйөөсүнүн мурдагы көңүлдөшү атайын жөнөткөн деп кыжырдана берген.

Жыйынтыгында, жаш үй-бүлөө баласын караган студент кызды коркутуп –сабап, өрттөп салышкан. Үйдөгү ызы-чууну жана жагымсыз жытты байкашкан кошуналары полиция кызматкерлерине байланышкан. Алар, короосунан кыздын чала күйүп калган денесин табышкан. Учурда жубайлардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, соттук процесс жүрүп жаткандыгын кабарлайт "Вести.Ru".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости