www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери орус-казак мамлекеттик чек арасындагы «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүргүнчүлөрдүн агымы олуттуу өскөндүгү тууралуу маалыматтан кийин Саратов облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Озинки» өткөрмө бекетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү такталды. Өткөн дем алыш күндөрү унаалардын бир аз тыгыны тууралуу маалымат түшкөн.

«Бул көзөмөл-өткөрүү пунктунда Москва шаарынан жумуш эмес күндөрү жүргүнчүлөр үзгүлтүксүз көбөйөт. Азыр чек арада чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар топтолгон жок.  Автоунаалар бул постту эркин режимде өтө алышат. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө», - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости