www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия: НКВДнын архиви сыр бойдон калды

Орусиянын Жогорку соту НКВД кызматкерлеринин архивдик маалыматтарын ачыкка чыгаруудан баш тартты. Архив изилдөөчүсү Сергей Прудовский 1995-жылы президенттин мамлекеттик сырлар боюнча жарлыгынын айрым жоболорун жокко чыгаруу боюнча Жогорку сотко доо арыз менен кайрылган. Бул жарлыкка ылайык, ФСБ архивдеги НКВД кызматкерлеринин аты-жөнүн жана фамилиясын жашыруун кармайт.

Сот жыйынын Орусияда “чет элдик тыңчы” деп таанылган “Мемориал” укук коргоо борбору соцтармактар аркылуу түз көрсөттү.

Тарыхчы Сергей Прудовский НКВД кызматкерлеринин аты-жөнүн жашыруу Орусиянын мыйзамдарына каршы келет деп эсептейт.

"Мыйзамсыз иш-аракеттерди мамлекеттик сыр деп таанууга болбойт. Маалымат берүүдөн баш тартуу реабилитациялоо мыйзамына каршы келет", - деди Прудовскийдин жактоочусу Марина Агальцова.

Ал киши өлтүрүүгө катышкан НКВД кызматкерлеринин аракеттери "кылмыштуу жана жашыруун болушу мүмкүн эмес" деп белгиледи.

"Президенттин бул жарлыгы соттор менен ФСБ аны ошондой чечмелегени үчүн мыйзамсыз", - деди сотто адвокат.

ФСБ өкүлдөрү жараянда Прудовскийдин маалыматка ээ болуу укугу чексиз эместигин айтып, "бир адамдын укугун коргоо башкалардын укуктарына коркунуч келтирбеши керек" деген жүйө менен дооматты четке кагууну талап кылды.

Сергей Прудовский – сталиндик репрессиялар тууралуу “Спасская красавица” китебинин автору, "Харбин операциясы" деген окуяны изилдеп келет.

1930-жылдары Жапония Манчжурияны басып алгандан кийин совет бийлиги Харбиндин тургундарын жана Кытай-Чыгыш темир жолунда иштеген адистерди эвакуациялаган. 1937-жылы НКВД Харбин шаарынын тургундарын жапон тыңчысы катары камакка алуу буйругун чыгарган. Жалпысынан 33 миңдей адам камакка алынып, 21 миңден ашыгы атууга кеткен.

2014-жылы СССРдин мамлекеттик коопсуздук органдарынын архивдик документтеринин купуялуулук мөөнөтү 30 жылга узартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости