www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акбөкөн Таштанбеков депутаттыкка талапкер статусун сактап калганын БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

«УКМК кантип иликтей турганын билбейм. Иш сотко өтсө дагы анын статусу бар. Башкача айтканда, ал талапкер статусунан ажыратылган эмес, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө.

6-декабрда БШК Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны камакка алган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, №30 Ысык-Ата округу боюнча Акбөкөн Таштанбеков эң көп добуш алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости