www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин жаңы чакырылышы эки депутатсыз ишин баштайт

Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы эки депутатсыз жыйынга чогулат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Айдана Жупуева «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорунда добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыгында «баарына каршы» пункту жеңди.

Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, бул шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Эгерде шайлоо округунда «баарына каршы» пункту жеңсе, шайлоо өткөн жок деп таанылат.

Жупуева белгилегендей, БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгаргандан кийин бир айдын ичинде кайра шайлоо дайындалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости