www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституция күнүн утурлай Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "кылмыштарына өкүнүп, түзөтүү жолуна түшкөн" деген негиз менен абактарда жаза мөөнөттөрүн өтөп жаткан 182 соттолуучуга ырайым кылуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу ал Конституция күнүнө карата майрамдык куттуктоосунда билдирди.

Президенттин басма сөз кызматы жарыялаган куттуктоонун текстинде ырайым кылынган 182 адам кандай кылмыштары үчүн соттолгону такталган эмес.

Кийинчерээк Өзбекстандын Юстиция министрлиги мунапыс алгандардын үчөө жаза мөөнөтүн өтөөдөн толук, 108и шарттуу түрдө бошотулганы, сегиз адамдын жазасы жеңилдетилгени тууралуу маалымат таратты. Мындан тышкары 63 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылган.

Мунапыс берилгендердин арасында чет мамлекеттердин алты жараны, 60 жаштан ашкан алты эркек, тогуз аял, тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 25 адам бар.

Президент быйылкы жылы 4 миңден ашык адам сот залынан бошотулганын, негизсиз коюлган айыптар боюнча 8 миңге жакын жаранга коюлган айыптар алынып салынганын, 859 адам акталганын, мунун баары сот жана тергөө тармагындагы реформалардын эң маанилүү натыйжасы экенин айтты.

Мындан тышкары, соттолгон жарандарга коомдо өз ордун табууга жардам берүү үчүн "БМСЖ пакети" системасы киргизиле турганын билдирди.

Мунапыска илингендер түрмөдө өткөргөн убактысын эмгек тажрыйбасына кошуп жаздырууга укук алып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин жеке бизнесин баштоо үчүн мамлекеттен 10 миллион сум өлчөмүндө материалдык жардам ала турганы көрсөтүлгөн.

Буга чейин Өзбекстанда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата 215 кишиге мунапыс берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости