www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Жер ортолук деңизде атып түшүрүлгөн Ил-20 учагындагы 15 аскер кызматкери курман болгонун ырастап, бул үчүн Израилди айыптады.

Мекеменин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков окуяны «израиль учкучтарынын атайын жасаган чагымы» деп атады. Анын айтымында, Израиль Сирияга сокку жасоого даярданып жаткандыгы тууралуу эскертпегендиктен улам, Ил20 учагы Сириянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кокустан атылып түшүрүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги «Израилдин аракеттерине карата адекваттуу жооп берүүгө» укуктуу экенин билдирди. Азырынча Израиль бул билдирүүгө жооп бере элек.

Орусиянын Ил-20 учагы Сириянын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кечээ кечинде атылып түшүрүлгөн. Окуя израиль авиациясынын Латакия провинциясындагы соккуларын кайтаруу маалында болгон.

Израиль Сирия президенти Башар Асаддын аскердик объектилерине байма-бай соккуларды жасап келет. Орусия Асаддын эң башкы союздашы болуп эсептелет. Акыркы жумаларда Орусия авиациясы куралдуу көтөрүлүшчүлөр жайгашкан Идлиб провинциясын бомбалоо операциясына катышууда. Эл аралык коомчулук аймакка чабуул коюуга каршы болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости