www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция, Сирия жана Орусияда катталган үч укук коргоо уюму «Вагнердин жеке аскердик компаниясына» кылмыш ишин козгоону талап кылып, орус сотуна кайрылды. Алар «Вагнердин» жалданма согушкерлерин 2017-жылы Сирияда жергиликтүү тургунду аёосуз өлтүрүүгө айыптап жатышат. Эл аралык адам укуктары боюнча федерация, Сириядагы сөз эркиндиги жана маалымат каражаттары боюнча борбор жана Москвадагы «Мемориал» укук коргоо тобу 15-мартта биргелешип тараткан билдирүүдө «бул соттук жараян Сириядагы ырайымсыз кылмышы үчүн орусиялык шектүүнү жоопко тарттыруу боюнча бул мамлекеттин жаранынын алгачкы аракети», деп айтылат.
Маалыматка ылайык «Вагнердин жалданма аскерлерине» каршы арызды 2017-жылы Сирияда өлтүрүлгөн адамдын агасы жазган.
Буга чейин Орусиядагы «Новая газета» басылмасы былтыр ноябрда Интернетке таркаган бир видео боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркинге кайрылып, бул окуяны иликтөөгө чакырган. Ал видеодо орусча сүйлөгөн бир нече куралчан киши сириялык адамды аткылап, ырайымсыздык менен кыйнап жатканы чагылдырылган.
Бирок укук коргоочулар Орусиянын соту бул иш боюнча акыйкат чечим чыгарарына күмөн санашат. Себеби «Вагнердин жеке аскер компаниясы» атыккан жалданма аскерлер түпкүлүгүндө Орусиянын президенти Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан Евгений Пригожинге таандык экени айтылып жүрөт.
Булак: NazarNews.kg