www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин коронавирус жуктурган чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн депортацияланышы мүмкүндүгүн билдирди,-деп жазып чыкты "Борбор Азия жаңылыктар кызматы".
3-февраль күнү эртең менен жарыяланган маалыматка ылайык, Кытайда 2019-nCoV коронавирусун 17 238 адам жуктуруп, 361 киши өлдү. Мындан тышкары 2-февралда бул вирустан Филиппинде 44 жаштагы бейтап каза болгону кабарланган.
Өткөн жумада Орусиянын Забайкалье крайы менен Тюмень облусунда коронавирус жуктурган эки адам аныкталган — алар Кытайдын жарандары. Учурда Читадагы инфекциялык ооруканада жаткан бейтаптардын бири Орусиядагы шарттарга жана дарылоо ыкмасына даттанууда.
30-январда Орусия Ыраакы Чыгышта Кытай менен чек арасын кеминде 7-февралга чейин жапкан. Мындан тышкары аэропорттордо Кытайдан келген бардык орусиялык туристтер текшерилүүдө.
30-январда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус башка өлкөлөргө жайылып жаткандыгына байланыштуу эл аралык маанидеги өзгөчө абал жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg