www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Игнатьев Чувашияны 2010-жылдан бери жетектеп, 2-мөөнөттөгү ишин улантып жаткан. Анын ыйгарым укугу ушул жылдын сентябрь айында бүтмөк.

Буга чейин чуваштардын башчысы Михаил Игнатьев бийликти сындаган журналист, блогерлерди сабоого чакырган болчу. Маалыматта айтылгандай, Игнатьев эртеден кечке Европа менен Американы мактап, орус бийлигин жамандаган маалымат өкүлдөрүнө карата нааразычылыгын билдирген.

“ – Андайларды жанчыш керек. Эл ичинде айтылгандай “мочить” этиш керек. Мен бул жерде эч кимди тарбиялагым жок. Болгону бурмаланган маалыматка көпчүлүк бат ишенип алганына кыжырым кайнайт. Ошентсе дагы айтып коюш керек, туура эмес маалымат, акыры аны чыгаргандардын жүзүн ачып берет”, - деп билдирген Игнатьев.

Чиновниктин пикирине таянсак, бийликке карата айтылган сындан кийин митинг, пикеттер орун алат. Мындан улам мамлекеттик кызмат толук бойдон  ошол баш аламандыкты жөнгө салуу менен алектенип, регионду өнүктүрүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу сыяктуу тиешелүү иштер кечеңдеп кетет.

Экинчи чыр-чатак Игнатьев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин офицерине жаңы өрт өчүргүч унаанын ачкычын тапшырып жатып ачкычты бийик көтөрүп, аны секирип алганга мажбурлаган. Окуянын видеосу интернетке кеңири тарап кеткен. Игнатьев актануу үчүн өрт өчүргүчтөр менен 2010-жылы өрт өчүргөнүн ж. б. окуяларды айтып актанганы да  нааразычылыкты токтото алган эмес.

Эртеси Игнатьев Д. Медведев жетектеген “Единая Россия” партиясынан чыгарылган.

“Президенттин сөзүн ким укпаса статусуна, кызматына карабай ушундай абалга туш болот “,-деп билдирген Генералдык кеңештин катчысы Андрей Турчак.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости