www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда кыргыз такси айдоочусу атылып кетти

Москва шаарында жолдо болгон чырда кыргызстандык таксистке ок тийип жарадар болду. Бул тууралуу орусиялык бир катар басылмалар жазып чыкты. Ага ылайык, окуя Москванын так ортосунда болгон.

Маалыматтарга караганда, жолдогу чырда Дмитрий Махалов аттуу жаран кыргызстандык таксист, 34 жаштагы Алманбет Абдрамановду травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Учурда кылмышка шектүү кармалды, айрым маалыматтарга караганда, ал буга чейин бир канча жолу соттолгон. Жарадар болгон таксист ооруканага жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Орусияда азыркы тапта расмий эсепке ылайык, 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости