www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала маалыматтар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жеңип чыккан партиялар, "Ишеним", "Ынтымак" жана "Альянс" айрым шайлоо участкаларында добуштарды кол менен кайра саноону талап кылууда. Аларга ушундай эле өтүнүч менен "Бүтүн Кыргызстан" жана "Ата Журт Кыргызстан" дагы кошулду.

Тактап айтканда, "Ишеним" 70 УШКга кайра санап чыгууну талап кылууда. Ушундай эле талап "Ынтымактан" да келген. Алар Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 38 УШКнын добуштарын кол менен кайра санап чыгууну суранышууда. Ошондой эле "Альянс" партиясыда сайттан күмөн саноодо.

 "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү чет өлкөдө добуштарды кол менен саноо боюнча дүмүрчөктөрдүн жана протоколдордун көчүрмөлөрүн сурап жатышат.

Мындан тышкары Ноокен районундагы 16 шайлоо тилкесинде бузулган гана бюллетендерди кол менен кайра санап берүүнү суранышууда.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык чектен алты партия өттү. Бир мандаттуу округдар боюнча жеңип чыккандар тууралуу да маалымат бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости