www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп жылдар адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келген жазуучу Жапаров учурунда «Саясаттагы 10 жыл» китебин жазган. Албетте, бир китеп үчүн «Кыргыз эл жазуучусу» наамы берилбеси чын, жазуучу Жапаровдун деле мындай наамды алайын деген ою жок болсо керек. Ошентсе да ушул китептен үзүндү берип көрөлү:

2008-жылдын июль айлары. Түп айылына Боронбай атабыздын эстелигин коюп, ачылышын өткөрүп, Каркырада үй-бүлөм менен эс алып жүргөн мезгилим эле. Ал убакта бош жүргөм. Айылдан агам келип, - Сени эки күндөн бери Президент издетип жатыптыр. Бишкекке барышың керек экен, - деди. Тоонун башына чыгып, уюлдук телефондон кабылдамасы менен байланышсам, жардамчысы алып: «Эки күндөн бери сизди издеп жатат. Эртең менен саат 10:00 гө келип калыңыз», - деди. «Тынччылыкпы, эмне маселе менен?»,- десем, «Билбейм , бизге айткан жок», - деди.

Эртең менен келдим. Президент ордунан тура калып, жылуу кабыл алды. «Садыр, сени төрт кандидаттын ичинен тандап алдым, Комиссар болуп иштеп бер», - деди. «Учурдагы комиссарчы?» -десем , “Ал көптөн бери ооруп жүрөт. Өз арызы менен кетип жатат», - деди. –«Андай болсо, мага ишеним көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазымын. Макул, иштеп берейин. Бирок, эки суранычым бар», - дедим. «Айт», - деди. «Биринчиси, менин ишиме эч ким кийлигишпесин». –«Эч ким кийлигишпейт, ага кепилдик берем. Экинчи маселеңди айт», - деди. « КТР ден бир айда бир саат убакыт бергиле. Коррупционерлерди ачык көрсөтүп турушубуз керек. Антпесек, коррупция менен күрөшүш өтө кыйын», -дедим. Ордунан тура калып, КТРдин башчысы Мелис Эшимкановко телефон чалды. Ага Бакиев: «Садыр Жапаров барат. КТРден каалаган убагында, бир айда бир саат убакыт бересиң. Комиссар кылып бекитип жатам», - деди.


Үч айдын ичинде агенттиктин ишин түп- тамырынан өзгөртүп, реформа жасап, бузулуп жаткан имаратты өкмөттөн бир тыйын албастан, өз күчүбүз менен жаңылап, оңдоп (азыр ал имаратта баш прокуратуранын башкармалыгы олтурушат), кызматкерлерди олтургузуп, айлыктарын 4500 сомдон 15000 сомго чейин көбөйтүп, иш баштадык. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, бүгүнкү өлкө башчыбыз мага суроо берип жатат: «Комиссар болгон кезиңде эмне үчүн коррупциянын жүзүн толук ачып, жоё алган жоксуң?»- деп. Элибизде, "Аты улук, супарасы курук" деген сөз бар. Аты "Комиссар" деп дүңгүрөгөнү менен эч бир жерди текшерүүгө, кылмышкерди тергөөгө алууга укугубуз жок эле. Бирок, ошого карабастан иштин көзүн таап, башка укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жаттык. 15 күн сайын жарым сааттан “Комиссар эскертет” аттуу көрсөтүү берип, көбүнчө коррупцияга аралашкан сот, прокурорлор жөнүндө аттарын тактап, ачык көрсөтүп турдук. Баш-аягы 15ке жакын көрсөтүү эфирге чыкты. Алар азыр КТРКнын архивинде сакталуу турат.


Күндөрдүн биринде Балыкчы шаарына элге ичүүчү суу чыгарып берүү үчүн Ак-Түздөгү калдык сактоочу ууга чыланган темир түтүкчөлөрдү казып келип, салып берип жатышат деген кабар келди. Дароо эле барып, басып калдык. Көрсө, жаңы суу түтүкчөлөрүнө деп бюджеттен бөлүнгөн 35 млн сом акчаны облустук бийликтегилер жеп коюшуп, Ак-Түздөгү ууга чыланган бекер түтүкчөлөрдү казып келип, 8 км аралыкка элге ичүүчү суу чыгарып бериш үчүн салып жатышкан экен. Ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Жыйынтыгында,17 киши камалып кетти. Ал камалган жердештеримдин баарысынын мага таарынычтары күч. Бирок, кийинчерээк баары кайра эле боштондукка чыгышты.


Менин айтайын дегеним, булардын камалышы эмес. Ошол ууланган түтүкчөлөрдү элдин убалынан эч коркпостон колдонуп жатышкандагысы. Эгер ошол түтүкчөлөр аркылуу Балыкчы эли суу ичкенде, 10 жылдын ичинде ак кан оорусуна чалдыгып, ооруп, далайы өмүрдөн айрылмак экен. Бул дарыгерлердин (адистердин) берген корутундусу болду. Балыкчы шаарында 40 миңден ашык адам жашашат. Элдин эсинде болсо керек. Ушунун баарын теледен, болгондо да КТРден толук көрсөтүп турдук. Архивдери КТРде сакталып турат.


Бир күнү Медет Садыркулов Ак үйгө чакырды. Кабинетине кирсем , дароо эле,  «Сен прокурордун функциясын алып алып, мэр, губернаторлорго тиш сала баштадың. Минтип отурсаң, жакында Президентке асыласың го?», - деп атырылды. Экөөбүздүн урушубуз катуулап бара жатканда эсине келе калып, кытмыр жылмая түштү да: «Жаштык кылба иним, ачууңду бас. Сага жөн гана эскертип коёюн дедим. «Вертикаль власти» деген болот. Президент, губернатор, аким, мэрлер, анан айыл өкмөтү. Сенин губернаторго тиш салганың , Президентке тиш салган менен барабар», - деди да, - «Кабинетиме биринчи келип жатасың, кызматка турганында да куттуктай албадым, куру чыкпа», - деп, кымбат баалуу калем белек кылып, жылмайып узатты. Ичинде баары бир кеги калганын сездим. Анткени, анын айткандарына көнбөстөн, уу түтүкчөлөрдүн баарын колдонууга жараксыз кылып талкалап, жок кылып салган элек. Эртеси Садыркуловдун орун басары Досаалы Эсеналиев чакырып, «катуу кетпесеңиз» деп суранды. Ага да болбодук.


Мындан сырткары, Ысык-Көлдөгү биосфералык экологиялык аймакка, Эмилбек Каптагаев башчы болуп турган мезгил эле. Балыкчыга кире бериш жердеги экопостто акча жыйнашчу. Финансылык кылмыштары ачылып, каржы полициясы менен биргеликте уурдалган акчаларды ордуна койдуруу максаты турган. Бир күнү Каракол шаарына иш сапар менен барып, кайтып келе жатсам, биздин агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаев чалып,  «Кайдасыз?», -деп сурап калды.


«Караколдон келе жатам», - десем,  «Балыкчыда күтүп турам, жолугушалычы», - деди. Келсем, 2-3 киши менен күтүп турган экен. Орто -Токойду жээктеп, суунун боюна барсак, Эмил Каптагаев бир коюн союп алып, күтүп олтуруптур. Мен үчүн күтүүсүз болду. Көрсө, Каптагаев агенттиктин аппарат башчысы Бакыт Бакетаевди ортого салгандагысы экен. Дасторкон үстүндө олтуруп, “кыргызда жайылган дасторконду таштап кетүү салтта жок. Бирок, мамлекеттин акчасы толугу менен ордуна коюлушу керек”- деп айттым. Кийин каржы полиция ордуна койдуруп, иши жабылды. Муну менен эмнени айткым келди? Жогорку жактагылар деле баарын билишет экен. Көрсө, тең бөлүшүп турушат турбайбы. Болжол менен бир сезондо экопосттон 30 млн сом акча түшсө, мунун 7-8 млн сомун гана өкмөткө төгүп, калганын Ак үйдөгүлөр менен бөлүшүшөт экен. Жеке эле Балыкчыдан эмес, республикада ушундай акча түшкөн жерлердин баарынан 20 жылдан бери Ак үйгө тиешелүү үлүштөрү азыр дагы агылып келип турат. Мисалы, Ош-Бишкек жолундагы посттордогу акча төлөмдөр. Бажы тармагы 20 жыл мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Электр тармагында деле Ширшовдун системасы иштеп турат. Ошол себептен бүгүн электр энергияга болгон баалар көтөрүлүүдө. Чет мамлекетке электр сатууда бир киловаттын кагаз жүзүндө келишимге 2 цент деп көрсөтүшөт. Үстүнө 2 центтен дипломат менен накталай алып турушат. Мунун баарын бүгүн «Автомаш-Энерго» жасайт. Мурдагы Ширшов деген аттар азыр Сейит менен Сейтек деген эле атка алмашып калды.


Дагы бир мисал: Казакстандан миңдеген тонна көмүр сатып алышат. Ал көлөмдөгү көмүр менен биздин жергиликтүү көмүр казуучулар деле камсыз кыла алышат. Бирок, жергиликтүү көмүр казып алуучулар казак бизнесмендери Ак үйдөгү чиновниктерге берген параны бере алышпайт. Алар ар бир тоннасынан 10-15 доллар пара беришет. Ошол себептен, жергиликтүү көмүр казып алуучулардын көмүрүн өкмөт алат да, акчасын өз убагында төлөп беришпей, атайылап банкротко алып барышат. Анткени, Ак үй үчүн ата мекендик көмүр казып алуучулардын бутуна туруп кетиши пайдасыз. Муну ар бир жергиликтүү көмүр казуучу ишкер тастыктап бере алат. Мындай көрүнүштөр республикабыздын ар бир тармагында кездешет. Эки жолу бийлик алмашканы менен коррупциялык система эч өзгөрбөстөн, ошол эле бойдон кала бериптир. Ушулардын баарын акырындык менен ачык көрсөтө баштагандыгыбыз үчүн 2009 - жылдын октябрь айында реформага шылтап, биздин агенттикти Президенттин карамагынан чыгарып, Мамлекеттик кадрлар кызматы агенттигинин карамагына түшүрүп, көз каранды кылып коюшту. ЦАРИИ түзүлгөн мезгил эле. Андай болсо, мындан ары иштебейм деп кетип калдым. Агенттиктин кызматкерлери Канат Тургунбеков, ШарапТоктосунов, Бакыт Бакетаев жана орун басарым Аскарбек Бакеевдер, “Садыр Жапаровдон башка киши менен иштеше албайбыз” деп Ак үйгө, президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороевке барышкан экен. Канат Тургунбеков президенттин указын чыгартып алып, үйгө келиптир , «Мына, указ чыкты жүрүңүз, коллектив суранып жатат», - деп. Макул болуп, 2010-жылдын июль айына чейин кайрадан иштеп калдым. Июль айында Роза Отунбаеванын атына арыз берип, өз каалоом менен кызматтан кеттим.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости