www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шайлоо кандай өттү, андан кийинки кырдаал боюнча кандай пикирдесиз?

- Бул саясый процесс, ар бир шайлоодо сөзсүз ушундай көрүнүштөр болот. Мисалы, сотто деле бирөө утат, экинчиси утулат, андан кийин кайра даттануу орун алат. Ушул сыяктуу айрымдарга шайлоонун жыйынтыгы жакты, кээ бири нааразы. Саясый күчтөр өздөрүнүн максатына жетүү процесстери жүрүүдө.

- Шайлоо процесси толук жолго салынганбы? Себеби, «электрондук тартип менен шайлоо таза өтөт» делгени менен кырдаал башкача өнүгүп жатат...

- Башка жактарга салыштырмалуу Кыргызстанда шайлоо жөнгө салынган. Баардык тоскоол жаратуучу, шек жаратуучу нерселер жоюлган. Акыркы этап катары добуш сатып алуу менен административдик кийлигишүү таптакыр жоюлбаса дагы, бу саам көп роль ойногон жок. Ошол эле учурда мыйзам менен талапкерлердин шайлоочулар алдында берген убадаларын жөндөсө болот.

Маселен, «кайсы бир кандидат колунан келбей турган нерсени айтпашы керек, бул – электоратты алдоо, сатып алууга жатат» деген жобо кирсе, БШК мүчөлөрү көзөмөлдөп, шайлоочулардын башын айлантуу азаймак. Анткени көпчүлүк учурда «депутат болом» дегендер колунан келбей турган нерсени убада кылып, элди ишендиришет.

Мына ушундай аракеттер аларды ишенимден чыгарып, экинчиден, жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнө таасир этет. Азыркы мыйзамдын талабы боюнча баардыгы кадимкидей өтүп жатат. Эң башкысы, биз шайлоону техникалар менен камсыздадык. Мында ар бир адам бир гана добуш бере алат. Эсиңиздерде болсо, АСУлар жок кезде көптөгөн башаламандыктар орун алчу. Ошол эле «карусель» (бир киши бир канча талапкерге добуш берүүсү) жоюлган. Бул биометриканын жардамы менен ишке ашты. Ушуларды дагы эстен чыгарбасак. Шайлоо чоң саясый процесс, акырындан түзөлүп келатат.

- БШКнын добуштарды кол менен санаганы жыйынтыкка таасир этеби? Кандай болгон күндө дагы шектенүү пайда болду да...

- Добуштарды кол менен саноодо анчалык чоң айырма болбойт. Бул дагы коомдук-саясый процесс. Себеби, бүгүнкүгө чейин «элдин ишеничине ээ бололу» деген максатта ушундай өзгөртүүлөр кирген да. Ал эми коомдогу шектенүүлөр – элдин бийликке толук ишене элегинен кабар берет. Мисалы, биздикиндей катуу көзөмөл башка жакта кире элек. Казакстанга бир канча жолу байкоочу катары барганыбызда, алар бизден кадыресе уялышкан. Аларда дагы деле кабинага кирип, парданы жаап коюп добуш беришет.

Кимге добуш бергенин далилдеш үчүн телефонго тарткандары көп. Бул шайлоодо көпчүлүк талапкерлер админресурс, массалык добуш сатып алуулар болбогонун белгилеп жатышат. Мамлекеттик кызматта иштегендерди «барып шайла» деп эч ким кыйнаган жок, квартальныйлар аралашкан жок – бул дагы жакшы көрүнүш. Кокустук болуп, сервер бузулуп калганы үчүн нааразы болуп калышты.

Булак: Азия News гезити

Последние новости