www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан таксист мекендештерибизге кыйла оор болуп жаткан учур. Эптеп ооокат кылып, күн көрүп, келечек түзүп алалы деп жанталашып иштеп жаткан миңдеген мекендештерибиз ишсиз калды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып Кыргызстандын элчилиги тарабынан эч кандай "реакция" дагы боло элек. 
Орусиядагы Кыргыз жарандарын кезектеги документтик кыйынчылык каптады. 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда ишкерлик кылуу үчүн башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен автоунаа айдоого тыюу салынат. Сөз айдоочулук жумуш менен акча таап, үй-бүлө баккандар жөнүндө.

Ал эми жеке унааны өз алдынча айдап жүрүүгө улуттук айдоочулук күбөлүк тоскоол болбойт. Тийиштүү мыйзам Орусияда 2013-жылы кабыл алынып, бирок жарандарга айдоочулук күбөлүктөрүн Орусиянын күбөлүктөрүнө алмаштырып алууга 2017-жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген эле. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мөөнөтүн 2018-жылдын 1-июнуна чейин узартуу демилгеси да көтөрүлүп жаткан, бирок жыйынтык чыга элек.

Орусиядагы Кыргыз элчилиги аталган мыйзам тууралуу маалыматты тактай электиги белгилүү болду. Элчилик мигранттардын абалына кабатырланган журналисттерге 1-июндан тарта чектөө чын эле күчүнө кириши мүмкүн экенин кабарлап, бирок Орусия тарап азырынча расмий билдирүү тарата электигин маалымдады.

Орусиядагы Кыргыз өкүлчүлүгүн убактылуу жумушсуз калганы жаткан он миӊдеген кыргыздын тагдыры эмдигиче кызыктырбаганы таӊ калычтуу. Кыргыздын айдоочулук күбөлүгүн пайдаланып Орусиянын шаарларында эл жүк ташып жан баккан мекендештерибиз көп. Аларда эми 2 жол турат: айдоочулук күбөлүктү же ишин алмаштырышы керек. Мыйзамды тоготпой, улуттук күбөлүк менен автоунаа айдап жүргөндөр кармалса 10 миӊден 15 миӊ рублга чейин айып салынары белгилүү болду. Мунун айынан депортацияга туш болуу коркунучу да жаралат.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу айдоочулар 3 жолу сынактан өтүшү керек болот: 1 теориялык, 2 жолу тажрыйба жүзүндө. Улам жаӊы талаптар чыгып, мигранттардын турмушу оорлогон сайын "ЕАЭБге кирүү менен Кыргыз эмне тапты" деген суроолор күчөйт.

Ал эми түрдүү себептер менен эмгек мигранттарынын өлкөгө кайтып келиши ансыз да жумушсуздук күч мамлекетке кошумча түйшүк. Мигранттарды ким ойлойт! Же мигранттардын акчасы акча өзүлөрү адам эмеспи? Же мигрант мекендештерибиз ккыргыз эмеспи? Өкмөт мигранттардын которулган акчасын санаса кыйын санайт ал эми алардын көйгөйүн ойлоп, чечип берейин деген эч ойу жок!Учурда Москва шаарында эмгектенип жаткан таксист мекендештерибизге кыйла оор болуп жаткан учур. Эптеп ооокат кылып, күн көрүп, келечек түзүп алалы деп жанталашып иштеп жаткан миңдеген мекендештерибиз ишсиз калды. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып Кыргызстандын элчилиги тарабынан эч кандай "реакция" дагы боло элек. 

Орусиядагы Кыргыз жарандарын кезектеги документтик кыйынчылык каптады. 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда ишкерлик кылуу үчүн башка өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен автоунаа айдоого тыюу салынат. Сөз айдоочулук жумуш менен акча таап, үй-бүлө баккандар жөнүндө. Ал эми жеке унааны өз алдынча айдап жүрүүгө улуттук айдоочулук күбөлүк тоскоол болбойт.

Тийиштүү мыйзам Орусияда 2013-жылы кабыл алынып, бирок жарандарга айдоочулук күбөлүктөрүн Орусиянын күбөлүктөрүнө алмаштырып алууга 2017-жылдын 1-июнуна чейин убакыт берилген эле. Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мөөнөтүн 2018-жылдын 1-июнуна чейин узартуу демилгеси да көтөрүлүп жаткан, бирок жыйынтык чыга элек. Орусиядагы Кыргыз элчилиги аталган мыйзам тууралуу маалыматты тактай электиги белгилүү болду.

Элчилик мигранттардын абалына кабатырланган журналисттерге 1-июндан тарта чектөө чын эле күчүнө кириши мүмкүн экенин кабарлап, бирок Орусия тарап азырынча расмий билдирүү тарата электигин маалымдады. Орусиядагы Кыргыз өкүлчүлүгүн убактылуу жумушсуз калганы жаткан он миӊдеген кыргыздын тагдыры эмдигиче кызыктырбаганы таӊ калычтуу. Кыргыздын айдоочулук күбөлүгүн пайдаланып Орусиянын шаарларында эл жүк ташып жан баккан мекендештерибиз көп. Аларда эми 2 жол турат: айдоочулук күбөлүктү же ишин алмаштырышы керек. Мыйзамды тоготпой, улуттук күбөлүк менен автоунаа айдап жүргөндөр кармалса 10 миӊден 15 миӊ рублга чейин айып салынары белгилүү болду. Мунун айынан депортацияга туш болуу коркунучу да жаралат.

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу айдоочулар 3 жолу сынактан өтүшү керек болот: 1 теориялык, 2 жолу тажрыйба жүзүндө. Улам жаӊы талаптар чыгып, мигранттардын турмушу оорлогон сайын "ЕАЭБге кирүү менен Кыргыз эмне тапты" деген суроолор күчөйт. Ал эми түрдүү себептер менен эмгек мигранттарынын өлкөгө кайтып келиши ансыз да жумушсуздук күч мамлекетке кошумча түйшүк. Мигранттарды ким ойлойт! Же мигранттардын акчасы акча өзүлөрү адам эмеспи? Же мигрант мекендештерибиз ккыргыз эмеспи? Өкмөт мигранттардын которулган акчасын санаса кыйын санайт ал эми алардын көйгөйүн ойлоп, чечип берейин деген эч ой жок!

Назира Бегим, NazarNews.kg

Последние новости