www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумурай журтка "Раим миллион" деген каймана ат менен таанымал Раим Матраимов тар чөйрөдө жакын санаалаш жоро-жолдоштору менен отуруп президенттик шайлоо тууралуу ачылып сөз козгоптур. Бул туурасында "Эгемен" сайты жазып чыкты.

Анда Раим миллион президенттикке ат салышмакчы болуп жатышкан Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбековдордун кимиси президент болуп калса, алар менен ишти канча миллионго бүтүрсө болоорун балп эттиргени жазылган. Мисал катары, Өмүрбек Бабанов президент болуп кала турган болсо, иш бүтүрүш үчүн 20 миллион доллардан ары сүйлөшүш керектигин, Бакыт Төрөбаев менен 5 миллион доллардан ары эсептешсе болоорун, ал эми Сооронбай Жээнбековду далыга таптап 1 миллион долларга эле болгон маселени жайгарып кетсе болоорун саймедирегени айтылат.

Калпы-чынын ким билсин, "Эгемендин" жазганына ишенсек, "Раим миллиондун" чындап көзүн май баскан экен. Буга дейре чу дегенде миллиондон баштайт, ошол үчүн "Раим миллион" аталган деген сөздөрдүн чындыгы бар окшойт. Айтор, Раим мырза кандай болгон күндө да ким менен канчага иш бүтүрсө болоорун, баарын акча сатып алып көнүп калганын белгилептир... Эми муну уккан президент болчулар эмне дешээр экен.

Булак: "Фабула"

Последние новости