www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда полиция тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү жүрүүдө. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине полиция тарабынан 44 кыргыз жараны кармалганы боюнча маалымат түшүп, элчиликтин кызматкерлери Текстильщик районундагы ички иштер бөлүмүнө барган. Кармалгандардын жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилип, андан соң 35 жаран бошотулганын 8-февралда, ал эми 9 жаран Орусиянын миграциялык мыйзамдары бузганы аныкталып, алардын документтери сотко жиберилген. "Протоколдорду биргелешип кароонун натыйжасында аларды “кара тизмеге” киргизбестен 5 миң рубль айып пул салынары белгиленди. Ошону менен бирге мындай окуялардын алдын алуу максатында, жарандарды жашаган жерине каттоого туруп жатканда ортомчулардын кызматын колдонбоону дагы бир жолу эскертебиз. Азыр текшерүүлөр болуп жатат. Ошондуктан, мындай кармоолор болуп тураарын айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости