www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин журналист Кабай Карабеков президент Сооронбай Жээнбековду негизсиз каралап, ал тууралуу чындыкка дал келбеген маалымат тараткан. Анысы соттон тастыкталып, ага 5 млн. сом айып салынган. Эми ал айып төлөөдөн качып жатыптыр. Бул окуяны сиз кандай баалайт элеңиз? — Президент Сооронбай Жээнбековдун бул жерде журналист менен эрегишейин деген ою деле жок. Болгону К.Карабеков тарабынан бир жактуу каралоо, маскаралоо, жеке адамдык ар-намыска шек келтирүү аракети болгон. Андыктан мындай жолго баргандар жоопко тартылышы керек. Сөз эркиндиги деп эле оюна келгенди оттой бергендер ошондо тыйыла баштайт. Журналисттер да ар бир таратып жаткан маалыматына жоопкерчилик менен мамиле кыла баштайт. Болбосо бирөөнү кемсинтүү, негизсиз каралоо акыркы кездери оюнга айланып кетти. — Батыш колдогон “Репортеры без границ” деген уюм К.Карабековдун ишин “бийликтин өзүнө жакпаган журналисттерден арылуу аракети” деп сыпаттаптыр. Чын эле Кабай мырза кысымга алынып жатабы? — Бул адамдар сырттан грант алып иштегендер. Алар бийликтегилерди канчалык негизсиз сындаса ошончо көп акча алат. Аларга 5 млн. сом кеп деле эмес. Аны менен алып жаткан гранттары бөксөрүп да кетпейт. Ал эми президент С.Жээнбеков эч качан аша чаап кетпейт. Ал киши эч качан бирөөнү сыздатып, же башка адамдарга кордук көрсөткөн эмес. Ага барбайт дагы. Болгону бул жерде жоопкерчилик да болсун деген маселе бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости