www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада өзүн милиция кызматкери, ИИМдин өкүлү катары тааныштырып мигранттарга ар кандай жасалма документтерди даярдап берип жүргөн Дамир аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

- Кармалган жаран жашаган жерди тинтүү маалында Орусиянын атуулдугун алып берүү, Кыргызстанда соттолбогон деген ИИМ берчү тастыктама, Каттоо кызматы, Москвадагы ар кандай оорукананын мөөрлөрү, даяр тастыктамалар, паспорт жана башка Орусияда керек болгон документтер табылды.

Сеитовдун айтымында, кармалган адам Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну. Ал Москвада жашаган жерин тез-тез алмаштырып, бир канча адамдан акча алганы маалым болду.

Окуя боюнча Москвада кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Анын шериктери бар экени дагы такталып, аларды издөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости