www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун Ага Хан фондуна тиешелүү тик учак менен Ошко барышы коомчулукта талкуу жаратты.

Өкмөттүк аппараттын маалымат бөлүмү Оштогу кызмат сапарында премьер-министр Сапар Исаков Ага Хан фондунун тик учагы менен жүргөнүн ырастады.

Бирок ал чет өлкөлүк уюмдун тик учагы өкмөттүк иш-чаралар үчүн кандай шартта берилгенин ачык айткан жок. Ал эми Ага Хандын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул тууралуу кийинчерээк маалымат берерин билдирди.

Өкмөт башчынын эл аралык уюмдун тик учагы менен сапарга чыгышы социалдык түйүндөрдө талкууга жем таштады. Айрымдары "тик учакты ижарага алган" деп божомолдоп, анын чыгымын сындаса, кээ бири "эл аралык уюмдардын кызматынан пайдалануу кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу эрежеге каршы келет" деп айыпташууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бул сынды туура деп эсептейт. Иманкулов өкмөткө тиешеси жок тик учак менен жүрүү жогорку кызмат адамдарынын коопсуздугуна да коркунучтуу экенин эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости