www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан менен Орусия биргеликте баштаган билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 2020-жылы Өзбекстанга Орусиядан 30 мугалим 14 аймакка жөнөтүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ыйлайык, долбоордун катышуучулары орус тили сабагынан билимин текшерүү максатында түзүлгөн тест аркылуу тандалат. Ошондой эле педагогдордун профессионалдык деңгээли дагы бааланат.
Маалыматка ылайык, адистерди 28-августка чейин кабыл алат.
Катышуучуларга төмөнкү талаптар коюлат:
- жер которууга даяр болуу;
- профилдик билим;
- орус тили жана адабиятынан иш тажрыйбасы;
- жаш курагы 64 жашка чейин.
Өзбекстанга жөнөтүүнүн алдында бардык мугалимдер Герцен атындагы Орус мамлекеттик педагогикалык университетинде орус тили жана адабияты предметинен окутууларга катышат. Ал жакта өзүнүн профессионалдык жактан билим деңгээлин, жөндөмдүүлүгүн жакшырта алат. Тренинг аяктагандан кийин, бардык мугалимдер Өзбекстандын калкы көп жайгашкан 14 аймакка жөнөтүлөт.
Булак: NazarNews.kg