www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы антикоррупциялык стратегия Коопсуздук кеңешинин жакынкы жыйынында каралат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы көз карандысыз эксперттер менен тыгыз аракеттешүүсүнүн натыйжасында 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы көрүшүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштеп чыкканы айтылат.

Документ жакынкы жыйынга киргизилери тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн президент Сооронбай Жээнбековго билдирген.

"Ал эки жыл аралыгында республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы чыгарылып, ошондой эле Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору каралып, кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берди", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Сагынбаев декларациялык мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады. Мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда.

Ал эми Жээнбеков мамлекеттик органдардын ишмердигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамыры менен жоюуда заманбап санарип технологияларды натыйжалуу колдонуу зарылдыгына токтолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости