www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык кыргыздар түштүктү көздөй учушат

Орусиядан 6 миң каалоочулардан коронавирустан качып 437 адам келди “Аңгектен качсаң дөңгөккө” –дейт, бизде деле коронавирус. Орусиядагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы элчиликтеги Штабдын билдирүүсүнө таянсак, президент Сооронбай Жээнбековдун Орусиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык 2020-жылдын 14-июнунда Москва шаарынан Бишкек шаарына кезектеги чартердик каттам менен 437 жүргүнчү жөнөтүлгөн, анын ичинде 2-жашка жете элек 39 ымыркайлар энелери менен. Бул каттам менен Мекенине кайтуу өтүнүчүн камтыган жеке арыздары менен Элчиликке кайрылган жарандар жөнөтүлдү. Тизмеге арыздардын негизинде ар кандай категориядагы жарандар кезеги менен киргизилди. Тизмени түзүү учурунда өзгөчө көңүл аярлуу категориядагы жарандарга: кош бойлууларга, жаш балдары менен энелерге, улгайган жана катуу ооруган жарандарга бурулду. Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 5,5 эсе жогору турган “бизнес-класс” багытынан орун алган 18 жаран жөнөтүлдү. Авиакаттам менен кезеги жок учуп кеткен аярлуу категориядагы жарандардын медициналык документтерин Жумушчу топтун курамына кирген дарыгерлер текшерип, орусиялык медициналык мекемелери тарабынан аныкталган. Оорукчандар жана кош бойлуу айымдар тарабынан берилген маалым каттар жана УЗИ корутундуларын текшерүүнүн жыйынтыгында ар кандай патология жана учууга каршы белгилерден улам 7 адам каттамга киргизилген жок. Элчилик мекендештерибизди сабырдуулукка жана азыркы абалды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Тилекке каршы, Элчиликке Мекенине кайтаруу өтүнүчү менен 6 миңден ашуун арыз келип түштү. Бардык каалоочуларды дароо Кыргызстанга жөнөтүп жиберүүгө мүмкүн эмес. Бүгүнкү күнү мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Элчилик тарабынан бардык аракеттер көрүлүүдө. Орусиянын башка шаарларынан авиа каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости